Жогорку Соттун алдындагы Конституциялык палата президенттин намысын сотто коргоо маселеси боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу "Институт Медиа Полиси" коомдук фонду жарыялады.
Маалым болгондой, 17-октябрда аталган палата жогорудагы фонддун жана "Адилет" укуктук клиникасынын арызын карап, жарым жартылай канааттандырды. Чечимге ылайык, баш прокурор президенттин намысын, кадыр-баркын сотто коргош үчүн андан макулдук сураш керек. Конституциялык палата азыркы учурда президенттин статусу боюнча айрым мыйзамдар Конституцияга карама-каршы келет деген бүтүм чыгарды.