Социалдык өнүктүрүү министринин милдетин аткаруу Каныбек Абдиевге жүктөлдү

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин милдетин аткаруу мекеменин статс-катчысы Каныбек Абдиевге жүктөлдү. Тийиштүү буйрукка 17-октябрда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүк аппараттан кабарлашты.

Аталган министрликтин мурдагы жетекчиси Таалайгүл Исакунова жана анын 3 орун басары тең буга чейин кызматтан кеткен. Министр Таалайгүл Исакунова менен орун басары Лунара Мамытова чет өлкөгө жасаган сапарларынан улам кызматтан кетсе, дагы бир орун басары Зууракан Каденова Сеул шаарындагы учактагы окуясынан улам иштен алынган. Ал эми үчүнчү орун басары Жылдыз Полотова өз каалоосу менен жумуштан кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан