Маданият министрлигин убактылуу Бактыбек Секимов жетектейт

Маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруу Бактыбек Секимовго жүктөлдү. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан кабарлашты. Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Секимов буга чейин аталган министрликтин статс-катчысы болуп иштеп келген.

Мурдагы министр Султан Жумагулов 8-октябрга караган түнү таңкы саат 4:00дөр чамасында ооруканада көз жумган. Ал көп жылдардан бери онкологиялык оору менен жабыркап, 4-5 ирет Түркиядан операция жасатып келген.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан