Бүгүн, 18-октябрда Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу саат 9:00дөн кечки саат 18:00гө чейин токтотулат. Мындай маалыматты "Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынан билдирди.
"Батыш" суу тосмосунда профилактикалык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөрүнө байланыштуу Садыгалиев, Профсоюзная, Фучик, темир жол тилкесинде жана бир катар райондордо ичүүчү суу токтотулат", - деп жазылат маалыматта. 9 саатка суу токтотулуучу аймактар:
- Кызыл-Аскер;
- 110 квартал конушу;
- Достук кичи району;
- "Шоро" ЖАКсы;
- "Жашылча" ЖЧКсы ;
- "Нургаз" ЖЧКсы;
- "Глобал Групп" ЖЧКсы, Улуттук Гвардиянын бөлүмчөсү;
- "Алтын Тамыр" ЖАКсы;
- "Кыргызконьягы" ЖЧКсы;
- "Тамга-Таш ЛТД" ЖЧКсы;
- "Транс Союз Азия" ЖЧКсы;
- "Кыргызмебель";
- АЗС "Бишкек-Петролиум";
- ИИМдин атайын мектеби;
- Абдрахманов көчөсүндөгү №1 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун филиалы;
- Кайназаров көчөсүндөгү Наркология борбору;
- "АК "Илбирс", №4 филиалы;
- "Ак Жол" (көмүр склады) ЖЧКсы;
- "Асскон" (Авторемзавод) ААКсы, №15, 49, 50, 54 орто мектептери, №159 балдар бакчасы;
- АК "Полибетон";
- Автоколонна №2901;
- №1 жатак-мектеби;
- Газгородок жана анын от казаны;
- П.Лумумба көчөсүндөгү аскер шаарчасы жана жана аскердик бөлүмчөлөрү;
- Чүй көчөсүндөгү райондук от казанында;
- Л.Толстой көчөсүндөгү №234 Мамматрезервдер фонду;
- П.Лумумба көчөсүндөгү УКМК;
- Батыш РЭС;
- "Бишкек Эткомбинат" ААКсы;
- Кондитер фабрикасы;
- Ленин райондук Аскер комиссариаты;
- "Фрунзе-Плюс" Гипермаркети .