Депутат Субанбеков өкмөттөн Кыргыз Республикасынын чек арасын тактоо боюнча иштери кандай нукта жүрүп жатканы боюнча маалымат берүүнү суранды

Бүгүн, 18-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Бир Бол" фракциясынан депутат Бакирдин Субанбеков коопсуздукту камсыздоо боюнча маселеге көңүл буруу керектигин айтты.

"Мамлекеттик чек ара кызматынын 9 ай ишмердүүлүгү боюнча ЖМКларга маалымат чыкты. Анда коңшу мамлекеттер менен чек арада келишпестиктер катталыптыр. 7 келишпестик Кыргыз-Тажик чек арасында, үчөө Кыргыз-Өзбек чек арасында болгон. Чек аранын такталбаганынан улам келишпестиктер орун алган. Кыргыз Республикасынын чек арасын тактоо боюнча иштер кандай нукта жүрүп жатат? Өкмөт өкүлдөрү, бул маселе качан аягына чыга турганы боюнча маалымат берип койсоңор", - деди Субанбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан