Аалы Карашев: "Өкмөттүн ишкерликти колдоо боюнча көзгө көрүнө турган демилгелерин көрбөй жатам"

Бүгүн, 18-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Аалы Карашев азыркы өкмөттүн иштегенине 6 айдан ашык убакыт өткөнүн эске салды.

"Мына 9 айдын дагы жыйынтыгы чыкты. Азыркы өкмөттүн иштегенине 6 айдан ашык убакыт өттү. Ишкерлерди колдоо боюнча көзгө көрүнө турган демилгелерди көрбөй жатам. Өкмөттү бекитип жатканда көп сунуштар айтылды эле. Ишкерликти текшерүү боюнча мораторий киргизиле турганын билдиришкен. Бул боюнча кандай жумуш болуп жатат? "Коопсуз шаар" долбоору ишке ашпай жатат. Эмне бул долбоорду ишке ашыруу үчүн дагы 6 жыл күтөбүзбү? Менчиктер корголбогондуктан ишкерлерибиз сыртка кетип жатат. Ишкерликти коргоо боюнча борбор түзүлө турганы, социалдык төлөмдөр боюнча реформа жүргүзүү тууралуу сунуштар айтылган", - деди Карашев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан