Баткен облусунда 22 адам жабыркап, 1 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына күнөөлүү тарап аныктала элек

17-октябрда Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда эки Мерседес-Бенц-Спринтер унаалары сүзүшүп, 22 адам ар түрдүү жаракаттарды алып, 1 адам каза болгон. Баткен ОИИБинин Жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмү аталган жол кырсыгы боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

"Бул жол кырсыгы боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, учурда териштирүү иштери жүрүүдө. 10 күндүн аралыгында бардык териштирүүлөр аягына чыгат. Бул убакыт аралыгында, айдоочулар канча ылдамдык менен келатканын, кимиси каршы тилкеге чыккандыгы аныкталат. Экспертизанын жыйынтыгына жараша юридикалык баа берилет", - деп билдиришти аталган бөлүмдөн.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zema.n
2018-10-18 18:00:42
Ооо Кудай озун сактай кор
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан