Жайыл районунда 40 жаштагы киши көлмөгө чөгүп кетип изделүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, 17-октябрь күнү саат 11:17 чамасында Жайыл районунун Степное айылындагы "Мелиорация" көлмөсүнө 1978-жылы туулган Т.И. аттуу эркек киши чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн жалпы 9 куткаруучу тартылган. Бирок натыйжа болбогондуктан издөө иштери бүгүн да улантылат.