Бүгүн, 18-октябрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Жыйында 15ке жакын гана депутат отурат. Ал эми катталгандардын саны 102 деп турат. Учурда ар кандай маселелер каралууда.
Күн тартип боюнча 8 маселе каралат. Ар кандай маселелер, "2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган келишимге “Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишимге өзгөртүү киргизүү жөнүндө Сочи шаарында 2018-жылдын 14-майында кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору, “2018-жылдын 15-мартында Москва шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоору каралат.