Бүгүн, 18-октябрда Ленин райондук сотунда футбол талаасында дарбаза басып каза болгон 11 жаштагы баланын иши сот отуруму өтүп жатат. Залда отурган журналисттерге видео жана сүрөт тартуусуна уруксат берилген жок.
Сот отурумунда жабырлануучу тараптын жактоочусу маркум баланын апасына айыпталуучу тараптан моралдык жана материалдык чыгым үчүн 3 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүндү.
Ал эми мамлекеттик айыптоочу айыпталуучуну Кылмыш-жаза кодексинин 258 (коопсуздук эрежелерине жооп бербеген товар өндүрүү же сатуу, кызмат көрсөтүү) жана 353 (өзүм билемдик) беренелери боюнча жоопко тартууну суранды. Бирок ал күнөөсүн жарым-жартылай моюнуна ала турганын жана 353-берене менен гана макул экендигин билдирди.
Эскерте кетсек, 13-июнь күнү Бишкек шаарында футбол талаасында орнотулган дарбаза баланы басып калган. Бала алган жаракаттарынан улам көз жумган.