Футбол талаасында дарбаза басып калган 11 жашар баланын өлүмү боюнча иш сотко өттү

Футбол талаасында дарбаза басып каза болгон 11 жаштагы баланын иши сотко өттү. Бул тууралуу баланын апасы Нестан Исабекова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Эскерте кетсек, 13-июнь күнү Бишкек шаарында футбол талаасында орнотулган дарбаза баланы басып калган. Бала алган жаракаттарынан улам көз жумган.

"Акыры иш сотко өттү. Соттук отурум 9-октябрга дайындалды. Ал эми ошол футбол талаасынын ээси келип "Мен бул жерге өзүмдү күнөөлүү сезгеним үчүн эмес, аянтча мага тиешелүү болгону үчүн гана келдим" деди", - деп жазган Исабекова.

Ал эми бул иш тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы төмөндөгүлөрдү билдирди.

"Футболдук аянтты ижарага алып иштеткен Т.А.га Кылмыш жана Жаза кодексинин 258 (коопсуздук эрежелерине жооп бербеген товар өндүрүү же сатуу, кызмат көрсөтүү) жана 353 (өзүм билемдик) беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Андан өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил кат алынган. Иликтөө иштери кошумча текшерүүлөр дайындалгандыктан улам артка жылып келген", - деп билдиришти.

Аталган иш Ленин раойндук сотуна өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан