Депутат Дастан Бекешев "Centerra Gold" менен болгон өкмөттүн келишими тууралуу маселени көтөрдү

Депутат Дастан Бекешев "Centerra Gold" компаниясы менен болгон өкмөттүн келишими тууралуу маселени көтөрдү. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-октябрда парламенттин жалпы жыйынында айтты.

“2017-жылдын сентябрь айында өкмөт башчы "Centerra Gold" менен бир макулдашууга кол койгон. Бирок ал макулдашуу бизде жок, депутаттардын да көбү билбейт экен. Ушул жылы жаңы премьер-министр айткан эле, "ал макулдашууну кайра карап чыгабыз, мүмкүн өзгөртөбүз" деп. Бүгүнкү күнгө чейин ал тууралуу эч бир расмий маалымат берилбей жатат. Кандай сүйлөшүүлөр жүрүп жатат маалымат берсеңиздер. Алар айлана-чөйрөнү коргоого жана Онкологиялык борборго каражат бөлүшмөк. Учурда толук бойдон акча түшө элек.

Бизге ювелирный компаниялар кайрылып, "биз алтын, күмүштү "Centerra Gold" компаниясынан алып алалы десек алар бизде бир дагы алтын же күмүш калтырбайт экен. "Chaarat Gold Holdings" ишканасы кайрылган экен, алар "Centerra Gold" ишканасын алсак бул жакка алтын, күмүш калтырабыз" деп жатышат. Урматтуу төрага биз энергетикалык комплекс боюнча комитетке тапшырма берсек, алар карап чыгып, бизге маалымат берсин.

Экинчи маселе - "Росинбанк" боюнча. Октябрь айында Улуттук банк 70 пайызын алды. Кимден алды, кайдан алды, канчага алды түшүнүксүз. Негизи коммерциялык банктарды Улуттук банк албашы керек. Урматтуу төрага, ошондуктан экономикалык комитетке тапшырма берсеңиздер, жалпы палатага чыгаралы. Себеби ачык болуш керек. Андай кылбасак эртең бизге, Улуттук банкка сөз тиет. "Булар эмне бирөө менен сүйлөшүп, жабык келишим кылыштыбы" дешет. Мындай сөз болбошу үчүн биз да бул маселени карашыбыз керек”, - деди Бекешев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан