Аламүдүн районундагы айылдардын биринде 8 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган деп 15 жылга эркинен ажыратылган 67 жаштагы жаранга сот чечими өзгөртүлүп, ал 3 жыл 9 айга эркинен ажыратылды. Чүй облустук сотунун чечимине ылайык, ал жатак абагына которулат. Облустук соттун басма сөз катчысы Байыш Байгазиновдун айтымында, айыпталып жаткан адамдын 8 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылганы аныкталган жок.
"5-октябрда облустук сот райондук соттун чечимин өзгөртүп, 15 жылга белгиленген жаза мөөнөтүн 3 жыл 9 айга өзгөрттү. Себеби экспертизанын жана күбөлөрдүн берген маалыматы боюнча 67 жаштагы жаран кызды зордуктоо аракетине барган эмес. Окуяга күбө болгон кыздардын айтымында, ал жаран кызды почтанын алдында колунан кармап, бетинен эле өөп койгон. Почтада иштеген кызматкерлер да ушундай маалымат беришти. Сот чечимине ылайык, эми ал жатак абагына которулат, азырынча СИЗОдо", - деди Байгазинов.
2017-жылдын 9-сентябрь күнү Аламүдүн районундагы айылдардын биринде 8 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылды деген шек менен 67 жаштагы Б.К. аттуу жаран кармалган.
Чүй ОИИББинин берген маалыматына ылайык, 2017-жылдын 9-сентябрында Б.К. аттуу 67 жаштагы адам саат 17:30 чамасында дүкөнгө бара жаткан 8 жаштагы кызды кармап өпкүлөп, кыйкырганына болбой ич кийимдерине чейин колун салып, ыплас аракеттерди жасаган. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери мас абалындагы 1951-жылы туулган Б.К. аттуу кишини кармашкан. Бул окуя боюнча Аламүдүн РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалган. Бул окуя боюнча Аламүдүн райондук сотунун чечими чыгып, айыпталуучу 15 жылга эркинен ажыратылган. Бирок буга каршы экенин билдирген соттолуучунун жакындары Чүй облустук сотуна кайрылышкан.