КҮНСЕРЕП: Өлкөдөгү негизги көйгөй - президентке учак керек

Бүгүн, 18-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын мурдагы маалымат катчысы Анара Мамбеталиева жумушуна кайта турган болду. Кечээ аны мекеменин жетекчиси чакырып, ишке кайра алуу боюнча буйрук чыгарганын айтты. Ошондой эле инспекциянын коррупцияга аралашкан делген үч кызматкеринин бири статс-катчы Таалай Асылбеков өз каалоосу менен кызматтан кеткени да белгилүү болду. Калган эки кызматкер кадр бөлүмүн жетектеген Самат Керимкулов жана финансы-каражат башкармалыгынын жетекчиси Гүлкайыр Жумашова боюнча азырынча маалыматтын жоктугу түрдүү ойлорго салууда.

Август айында Анара Мамбеталиева мекемедеги коррупцияга каршы күрөшөм деп кызматынан кол жууган. "Инспекция коррупциянын сазына чөгүп бара жатат, карап туруп андайга жол бере алган жокмун. Бир топ убакыттан бери эле инспекциядагы акча каражаттарынын олку-солку пайдаланышы, биздеги кадр саясатынын соодалашууга өтүп кеткенине күбө болуп, жетекчиликке бир нече жолу кайрылгам”, - деп чыккан эле Мамбеталиева. Ошол учурда аны коомчулук да колдогон. Мамлекеттик мекеменин ичинен катардагы мамлекеттик кызматкеринин биринчилерден болуп коррупцияга каршы күрөшүү керек деген урааны Коопсуздук кеңешин бул маселени иликтеп чыгуусуна алып келген. Коррупциялык иштер жана мыйзам бузууларды иликтеп чыккан комиссия инспекциядагы бир топ былык иштердин аныкталганын билдирген. Ошондой эле Анара Мамбеталиеваны кызматынан бошотуу чечими мыйзамсыз, ал эми мекемедеги бир катар кызмат адамдарынын, анын катарында статс-катчынын ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугун кароосу өкмөт башчыга сунушталган. Бирок комиссиянын жыйынтыгы чыккандан 2 аптадан кийин гана статс-катчы кайсы бир берененин негизинде кызматынан кетирилгендин ордуна ага өз арызы менен ордун бошотуу мүмкүнчүлүгү берилгени көрүнүп турат. Бул аралыкта мыйзамсыз иштер орун алганы комиссия тарабынан аныкталганына карабай, инспекция аны моюнга алып же четке кагуу иретинде болсо да коомчулукка маалымат берүү максатында маалымат жыйын уюштурууну эп көргөн жок. Коррупциялык схемалар бар деп мекемесинин кызматкери айтып чыккан жана резонанс жараткан окуяга инспекция кадыресе көрүнүштөй карап жатабы? Себеби бул чуулуу окуядан улам бир эле кызматкер иштен алынганы жана эч бири жоопко тартылбаганы таң калычтуу болууда. Бийликтин коррупцияга каршы күрөшү Экотехинспекциядагы окуядан кийин спектаклге окшошуп калдыбы же ал күрөш системди коррупциядан арылтпай, кызматтан алуу менен чектелет дегенди эле билдирип калдыбы? Эгерде мунун жообу жакын арада билинбесе, анда бийликтин эң башкы урааны куру убадага айланат...

Кыргыз дыйкандары зыянга учуроодо. Алар Бишкектеги дүң базарларда картошканы 8 сомдон 10 сомго чейин сатышууда. Ал эми таалада жана өлкөнүн ар кайсы аймактарында анын баасы болгону 5-6 сом. Мындан улам базардагы дыйкандар эмгеги акталбай калгандарына нараазы. Бул маселе бүгүн парламентте да көтөрүлдү. КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина дыйкандардын быйыл өндүргөн азыктарына өкмөт сатууга жолдорду таап бериши керектигин талап кылды. Ошондой эле ал Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги өз ишин так, толук аткарбай жатканын сынга алды. "Өкмөт быйыл февралда Өзбекстан 500 тонна картошка сатып алууга даяр экенин билдирген. Бүгүнкү күндө өзбек тарап картошка алуудан баш тартты", - деди Карамушкина.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев ушул жылдын жаз айларынан баштап Өзбекстан өз аймагында Кыргыз жергесинен чыккан картошканы бир тараптуу өткөрбөй жатканын ырастады. Анын ою боюнча, өзбек тарап өз өндүрүүчүлөрүн коргош үчүн кыргыз картошкасынан "оору тапкан". Министрдин орун басары Өзбекстан картошканы жылда чоң көлөмдө сатып алуучу өлкө экенин белгилеп, быйыл да маселе жаралбай турганына ишенерин айтты. Ошондой эле Керималиев чиновниктердин көнүмүшкө айланган "учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат" деген сөзүн кайталады. Бул сүйлөшүүлөр жайдан бери ар кандай деңгээлде жүргүзүлүп созулуп келе жатат, бирок майнап чыккан жок.

Кыргыз өлкөсү 2015-жылы Евразия экономикалык биримдигине толук кандуу мүчө болуп кирген. Ал кездеги бийликтегилер бул чечим туура экенин айтып, Кыргыз продукцияларын сатууга 180 миллиондук рынокко жол ачылат деп ишендиришкен. Бирок турмуш көрсөткөндөй, бул сөздөр куру бойдон калууда. Эгер ЕАЭБдин негизги принциптери идеалдуу болгондо, кыргыз дыйкандарынын күнү аталган союзга кирбеген Өзбекстанга түшпөйт эле. Кыргыз дыйкандары айыл чарба продукцияларын ЕАЭБге тоскоолдуксуз өткөрө албай, коңшу Өзбекстанды гана карап калса, бул уюмга кирүү зарыл беле деген суроо жаралат...

"Кыргыз президентине жаңы учак белек кылуу керек", - деген оюн бүгүн парламенттин жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Таабалды Тиллаев айтты. Эл өкүлү мындай белекти ким бериши керектигин белгилеген жок, бирок азыркы президенттик учакты Орусия белек катары бергенин эскертти. "Президент жөнөкөйлүгү үчүн жалпы каттам менен учуп жатат. Өлкө башчысы эл менен учса сүйүнбөш керек. Анын коопсуздугу мыйзамда так каралган. Кудай сактасын, эртең жаман нерсе болуп кетсе, мамлекеттин тагдыры кандай болот?" - деп кабатырланды Тиллаев. Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов номер биринчи учак 1993-жылы чыгарылганын, колдонууга болорун, жаңы сатып алууга каражат жок экенин да айтты. “Жогорку Кеңеш колдоп берсе, бул маселени ишке ашырганга аракет кылабыз”, - деп жооп берди министр.

Кыргыз өлкөсүнүн алдында чоң маселелер турат: тышкы карыздан кутулуу, мигранттардын көйгөйү, пенсияны, жөлөк пулду, айлык маяналарды жогорулатуу. Чиновниктердин чет өлкөлөргө сапарлары боюнча чуусу эми эле тынчый баштаганда депутаттын ошол сыяктуу тышкы сапарга жаңы учак алууну айтып жатканы ойго салат. Өлкөдө президенттин учагынан башка маселе жок калгандай депутаттын мамилесин коомчулук сынга алууда...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан