Футбол талаасында дарбаза басып калган 11 жаштагы баланын өлүмү боюнча кийинки соттук отурум 26-октябрда уланат

Футбол талаасында дарбаза басып калган 11 жаштагы баланын өлүмү боюнча кийинки соттук отурум 26-октябрга белгиленди. Буга күбөлөрдүн толук келбей калганы себеп болду.

Бүгүнкү отурумда каза болгон баланын апасы жана окуя болгон футбол аянтчасынын администратору суралды.

Соттук отурум учурунда жабырлануучу тараптын жактоочусу айыпталуучу тараптан моралдык жана материалдык чыгым үчүн 3 миллион сом өндүрүп берүүнү суранды.

Ал эми мамлекеттик айыптоочу айыпталуучуну Кылмыш-жаза кодексинин 258 (коопсуздук эрежелерине жооп бербеген товар өндүрүү же сатуу, кызмат көрсөтүү) жана 353 (өзүм билемдик) беренелери боюнча жоопко тартууну суранды. Бирок ал күнөөсүн жарым-жартылай моюнуна ала турганын жана 353-берене менен гана макул экендигин билдирди.

Эскерте кетсек, 13-июнь күнү Бишкек шаарында футбол талаасында орнотулган дарбаза баланы басып калган. Бала алган жаракаттарынан улам көз жумган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан