Мамлекеттик 2 авиакомпаниянын 3 учагынын бирөөсү гана иштейт

Кыргыз мамлекетинин 2 авиакомпаниясы бар, аларга таандык 3 учактын бирөөсү гана уча алат. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов парламент жыйынында билдирди.

“Кыргыз мамлекетинин 2 мамлекеттик авиакомпаниясы бар. Алар: "Эйр Кыргызстан", "ЭйрКейджи". Азыр "Эй Кыргызстандын" бир учагы бар, ал 6 айдан бери оңдоодо жатат, аны оңдоого каражат жок. Ал эми "ЭйрКейджиге" таандык Ту-154 борту учат, дагы бир учагы иштебейт.

Биздин авиакомпаниялардын акцияларын чет өлкөлүк компанияларга сатуу боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыкпай жатат. Биз үлүштү 75 пайызга чейин көтөрдүк. Азырынча жыйынтык жок", - деди Калилов.

Депутат Аалы Карашев жок дегенде ички каттамдарга учактарды алып, коопсуздук маселесин камсыз кылбаса бүгүнкү күндө коркунуч бар экенин эскертти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
taalay25
2018-10-18 15:48:08
Аалы озун деде Омур бою мамкызматта иштедин го ушуларга тушунбойсун окмотто иштегенде балык болуп депутат болуп келгенде шаквлдап калышат
0
Sahka
2018-10-18 16:31:27
Коркунуч бар экени эми жеткен го буларга
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан