Баткен облустук ооруканасынын башчысы: "Оор абалда жаткан 4 бейтап башынан жаракат алып, кабыргалары сынып кеткен"

17-октябрь күнү Баткен облусундагы жол кырсыгынан жабыркагандардын ичинен 6 адамдын абалы дале оор бойдон жандандыруу бөлүмдө жатышат. Облустук оорукананын башчысы Нурлан Салиевдин айтымында, төртөөнүн баш мээси чайкалып, кабыргалары сынып кеткен.

"Жол кырсыгынан жабыркаган 4 адамдын абалы оор бойдон калууда. Анын ичинен экөө аял, экөө эркек кишилер. Алар башынан катуу жаракат алышкан жана кабыргалары сынган. Ал эми жандандыруу бөлүмүндө жаткан дагы эки адамдын буттары сынган. Алар кырсыктан көп кан жоготушкан. Ошондон улам абалдары оор болуп жатат", - дейт Салиев.

Оорукана башчысы кошумчалагандай, жол кырсыгынан жабыр тарткандардын басымдуу бөлүгү жалпы бөлүмдө жатса, жакшы болуп калгандары үйлөрүнө жиберилүүдө.

22 адам жабыркап, 1 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы 17-октябрь күнү кечке жуук Ош-Баткен-Исфана жолунда катталган. Анда киши жана жүк салып бараткан эки Мерседес-Бенц Спринтер карама каршы келе жатып сүзүшө кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admin_superstan
2018-10-19 14:32:02
Janna07,
Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан