Жогорку Кеңештин жыйынында Тергөө судьялар институтун түзүү тууралуу маселе каралып жатканда КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев соттор 23 миң сом айлык менен адилеттүү чечим чыгарбай турганын айткан. "Алар акча көп берген тараптардын пайдасына чечим чыгарып коюшат", - деп билдирген депутат.
SUPER.KG порталынын "Соттор адилет чечим чыгаруусу үчүн канча айлык алышы керек?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Урматбек Самаев жооп берди.
Ал соттор эч нерсеге карабай, фактынын негизинде гана чечим чыгаруусу кажет деген оюн айтты.
"Соттордун адилеттүү чечим чыгарганы айлыктарынан көз каранды болбошу зарыл. Алар эч нерсеге карабай, фактынын негизинде гана чечим чыгаруусу кажет. Адамдын тагдыры менен ойнобой, Кудайдан коркуш керек. Ар бир чыгарган чечим үчүн жооп берчү күн келет. Тигил же бул адамдын буйругун аткарып же акчанын айынан адилетсиз чечим чыгарган соттор өздөрүнө өздөрү зыян кылышат. Себеби абийир кечирбейт. Айлык боюнча келсек, бизде 100 миң сомдон 300 миң сомго чейин айлык алган жетекчилер бар экен. Кыргыз өлкөсүндө 5-6 миң айлыкка иштеген мугалимдер, медицина, маданият кызматкерлери бар. Бул калыссыздык. Жогору айлык маяна алган жетекчилердин айлыктарын 50 миң сомдон ашырбаш керек. Кааласа иштесин, каалабаса арызын жазып кете берсин. Башка иштей тургандар табылат. Үнөмдөлгөн каражатты аз айлык алгандарга кошкон туура. Ал эми соттордун айлыктары 30-40 миң болсо, алардын жубайлары тапкан каражатты эсепке алганда жашоосуна жетет деп ойлойм", - дейт Самаев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Айсулуу Мамашова, Таалайбек Масабиров, Эльвира Сурабалдиева, Алмазбек Эргешов, Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын пикири төмөнкү шилтемеде.