Жогорку Кеңештин жыйынында Тергөө судьялар институтун түзүү тууралуу маселе каралып жатканда КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев соттор 23 миң сом айлык менен адилеттүү чечим чыгарбай турганын айткан. "Алар акча көп берген тараптардын пайдасына чечим чыгарып коюшат", - деп билдирген депутат.
SUPER.KG порталынын "Соттор адилет чечим чыгаруусу үчүн канча айлык алышы керек?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова жооп берди.
Ал айлык канча көп болсо дагы эч качан жетпейт деген пикирде.
"Соттордун жумушу аябай татаал. Жогорку Соттун төрайымы парламентке келип айлык маянасы тууралуу айтып кетти. Айлыгы аз экен. Соттордун айлыгы көбөйсө, андан көп пара сунушталса андан баш тарта алабы деген суроо бар. Мисалы, 150 миң сом айлык болсо, бирөө келип 300 миң сом пара берейин десе жок дейби? Соттордун адилеттүү чечим чыгарышы айлык көбөйтүү менен чечилбейт", - деди Мамашова.
Жогорку Кеңештин депутаттары Урматбек Самаев, Таалайбек Масабиров, Эльвира Сурабалдиева, Алмазбек Эргешов, Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын пикири төмөнкү шилтемеде.