Жогорку Кеңештин жыйынында Тергөө судьялар институтун түзүү тууралуу маселе каралып жатканда КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев соттор 23 миң сом айлык менен адилеттүү чечим чыгарбай турганын айткан. "Алар акча көп берген тараптардын пайдасына чечим чыгарып коюшат", - деп билдирген депутат.
SUPER.KG порталынын "Соттор адилет чечим чыгаруусу үчүн канча айлык алышы керек?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров жооп берди.
Ал бул маселени бир гана айлык чечпей турганын айтты.
"Көп жарандар соттор адилеттүү чечим чыгарбай жатат деп айтып келишет. Бул маселе бир гана айлык менен чечилбейт. Акыйкат деген ар бир соттун өзүнүн жүрөгүндө болушу керек. Чечим чыгарганда мыйзамдуулукту кароо зарыл. Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин айлыгы көбөйсө пара албай калат деп калышат. Бул туура эмес. Соттордун айлык маянасы көбөйсө эле пара албай калат деп айтуу кыйын. Исхак Раззаков айткандай, сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот. Сот кызматкери адилеттүү болуп, мыйзамды сактоосу абзел", - деди Масабиров.
Жогорку Кеңештин депутаттары Айсулуу Мамашова, Урматбек Самаев, Эльвира Сурабалдиева, Алмазбек Эргешов, Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын пикири төмөнкү шилтемеде.