Жогорку Кеңештин жыйынында Тергөө судьялар институтун түзүү тууралуу маселе каралып жатканда КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев соттор 23 миң сом айлык менен адилеттүү чечим чыгарбай турганын айткан. "Алар акча көп берген тараптардын пайдасына чечим чыгарып коюшат", - деп билдирген депутат.
SUPER.KG порталынын "Соттор адилет чечим чыгаруусу үчүн канча айлык алышы керек?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева жооп берди.
Ал сотторду тандап жатканда саясатташтырбоо зарылдыгын белгиледи.
"Соттордун, тергөө органдарынын, мугалимдердин, дарыгерлердин айлыгы бирдей болушу керек. Айлык маяна жок дегенде 100 миң сомдон кем болбошу зарыл. Таза, элдин ишенимин актаган чечимдерди саясатташтырбай чыгарган адам келиши керек. Сотторду туура тандоо шарт", - дейт Сурабалдиева.
Жогорку Кеңештин депутаттары Айсулуу Мамашова, Таалайбек Масабиров, Урматбек Самаев, Алмазбек Эргешов, Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын пикири төмөнкү шилтемеде.