Түркияда Сауд Арабиянын консулдугуна кирип, дайынсыз жоголгон журналисттин өлүмүнө шектүүлөрдүн бири жол кырсыгынан көз жумду
Буга чейин араб журналисти Жамал Хашогги Түркиянын Стамбул шаарындагы Сауд Арабиянын башкы консулдугунун имаратына кирип, ошол бойдон дайынсыз жоголгон. Көп өтпөй түркиялык басылмалар атайын кызматтардын маалыматына таянып журналист имараттын ичинде Сауд Арабиядан учуп келген атайын кызматта иштеген 15 адам тарабынан өлтүрүлгөнүн жазып чыгышкан.
Ал эми бүгүн, 18-октябрда түрк басылмалары журналисттин өлүмүнө шектелгендердин бири Сауд Арабиянын Аскер аба күчтөрүнүн лейтенанты Мешал Сааде Эль Бостани Эль-Рияд шаарында жол кырсыгында көз жумганын кабарлашты. Мындан тышкары басылмалар жол кырсыгынын чоо-жайы жарыяланбай жатканын жазышууда.
Айта кетсек, АКШнын президенти Дональд Трамп Сауд Арабияга эгерде журналисттин өлүмүнө бийлик өкүлдөрүнүн катышы бар экени аныкталса катуу жаза болорун билдирген.