Жогорку Кеңештин жыйынында Тергөө судьялар институтун түзүү тууралуу маселе каралып жатканда КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев соттор 23 миң сом айлык менен адилеттүү чечим чыгарбай турганын айткан. "Алар акча көп берген тараптардын пайдасына чечим чыгарып коюшат", - деп билдирген депутат.
SUPER.KG порталынын "Соттор адилет чечим чыгаруусу үчүн канча айлык алышы керек?" деген соболуна Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов жооп берди.
Анын пикиринде, учурда Баш мыйзамда жазылган негизги принциптер аткарылбай жатат.
"Менин көз карашым боюнча, айлык маянанын өлчөмү соттордун адилет чечим чыгарышына эч кандай байланышы жок. Алардын айлыгын эки эсе, үч эсе көбөйтүп койсоң эле алар акыйкат чечим чыгарып калбайт. Соттордун чыгарган чечими мыйзамдуу жана адилет болушу керек. Мисалы, кылмыш кылып алган адамга өкүм чыгарарда анын аты-жөнүн элге, мамлекетке сиңирген ак эмгектерин, жакшы жүрүм-турумун эске алуу керек. Ал эми оор кылмыш кылган баш кесерлерге аёосуз чечим чыгаруу зарыл. Азыр баары тескерисинче болуп жатат. Соттордун адилет чечим чыгарышын камсыз кылган Конституциядагы негизги принцип аткарылбай жатат. Конституция боюнча, ар бир адам мыйзамда каралган учурларга ылайык сот арачыларынын катышуусу менен ишти сотто каратууга укуктуу. Мурда СССР убагында райондук соттор чечимди жалгыз чыгарбастан сот акыйкаттуулугуна катышкан элдик сот арачылары менен чогуу ишти карашчу. Азыр кылмыш иши оорбу же жеңилби кандай гана иш болбосун райондук сотто бир судья отуруп алып чечим чыгарат. Мурда чечим чыгарарда жок дегенде 3 киши добуш берип, кеңешме бөлмөсүндө талашып-тартышчу. Мындан улам чечим кабыл алынчу. Эгер катышуучулар чечимге каршы болсо анда судья чечим чыгара алмак эмес. Азыр бардык иштер боюнча чечимди бир эле адам чыгарып коюп жатат. Бир эле сот отуруп алып чечим чыгарбай, жанында сот арачылары болсо анда Ак Үй, көк үйдүн, прокуратура органдарынын дагы башка жактын адамдарынын ишараты боюнча чечим чыгарууга жол берилмек эмес", - деди Осмонов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Айсулуу Мамашова, Таалайбек Масабиров, Эльвира Сурабалдиева, Алмазбек Эргешов, Урматбек Самаев, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын пикири төмөнкү шилтемеде.