Статс-катчы: "Мурдагы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматтан кеткенден кийин жумушка келип буйруктарга кол койгон эмес"

"Мурдагы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова кызматттан кеткенден кийин жумушка келген жок", - деди аталган министрликтин статс-катчысы Каныбек Адиев. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-октябрда парламент жыйынында билдирди.

"Ошол күнү бюджет боюнча анча-мынча жетекчилерди чогултуп, сүйлөшкөнбүз. Ал кагаздарын жыйнап, тапшырганы келиптир. Райондон 7-8 жетекчи келди десек, "аларга жолугуп, ыраазычылык айтып коёюн" деген. Исакунова эч кандай буйруктарга кол койгон жок", - деди Адиев.

Депутат Аида Касымалиева мурдагы министрдин кызматтан кеткенден кийин дагы келип, иштегени боюнча далилдер бар экенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан