Бишкекте 18 жаштагы Салман Сатаров унаасы менен үйдөн чыгып кеткен бойдон 19 күндөн бери дайынсыз

Бишкекте 18 жаштагы Салман Сатаров унаасы менен үйдөн чыгып кеткен бойдон 19 күндөн бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда SUPER.KG порталына дайынсыз болуп жаткан шаар тургунунун атасы Бакыт Макамбаев билдирди.

"Уулум Салман 30-сентябрь күнү эртең менен көк түстөгү БМВ үлгүсүндөгү унаасы менен үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатат. Ал унааларды алып-сатып иштечү. Милицияга жоголгондугу тууралуу арыз жазып кайрылганбыз. Бирок жыйынтык чыккан жок, милиция кызматкерлери "балаңыз тирүү эле жүрөт" деп жатышат. Ошол себептен массалык маалымат каражаттарына кайрылууну туура көрдүм. Уулум ошол күндөн мурун эле айдап жүргөн унаасы менен башка машинаны сүзүп алган болчу. Кийин уулумдун унаасын да, сүзүлгөн машинаны да оңдотуп бергем. Угушумча Салман үйдөн чыгып бараткан күнү унаасы менен дагы бир жол кырсыгына кабылган экен. Балким, ошондон коркуп келбей жаткандыр, эмнени ойлошту билбей калдым. Уулубузга кабатырланып, барбаган жерибиз калган жок", - дейт Макамбаев.

Белгилүү болгондой, дайынсыз жоголгон Салман келишим менен 27-октябрда Японияга иштөө үчүн учуп кетмек. Эртең, 19-октябрь - документтерди даядоо мөөнөтүнүн акыркы күнү.

"Уулум телефон чалбайт же байланышка чыкпайт. Эмне себептен мындай кылып жатканын түшүнбөй жатам. Ал инстаграмдагы баракчасына кирип, улам сүрөттөрүн алмашырып жатат. Бирок биз жазгандарды окубай эле өчүрүп коюуда", - деген Макамбаев уулун кайтып келүүгө чакырды.

Салман тууралуу маалыматты билгендер 0 (705) 58-18-76, 0 (770) 58-18-76, 0 (703) 29-09-04 же "102" номери аркылуу байланышса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
asdef
2018-10-18 18:43:46
Келе бер уйуно ата эненди кыжаалат кылбай. Японияга барсан БМВ дан бешти табасын
+1
Razzak.kg
2018-10-18 22:02:36
Ушу ата-энени кыйнап, ойлонтуп, кыжаалат кылгандарды олтуруп эле салсан. Бок- сийдигин тазалап чонойтуп коюп дагы характерине чыдаш керек байкуш ата-эне. Башы жок жаштар
+5
rysik79
2018-10-18 23:29:46
Салман шалман болуп журот да. Аман эле болсун.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан