Үч күн мурун Бишкекте киши колдуу болуп каза болгон 17 жаштагы кыз кечээ Нарын облусунда жерге берилди. Ал Бишкектеги Жеңиш конушунда атасынын бир тууганынын үйүндө жашачу. Ошол үйдө жашаган 21 жаштагы жаран кызды муунтуп өлтүрүүгө шектелип камакка алынган.
Буга чейин шектүү эки бир тууган карындашын зордуктоого аракет кылганда ал каршылык көрсөтүп, бул аракетин жашыруу үчүн аны муунтуп салганы айтылган эле. Шектүү кылмышын моюнуна алып, факты боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Кыздын достору маркум шаардагы №10-лицейде ашпозчулукка окуп жатканын, тайпада староста болгонун айтып беришти.
"Курбум ак көңүл эле, адамдар менен жакшы тил табышчу. Бетке айтканды жакшы көрчү. Бат таарынып, бат жазылчу. Окуусунда староста болгонун, анан старостанын иши көп болгону үчүн башында кыйналганын айтып калган. Кийин көнүп калдым деди. Акыркы күндөрү кесиби боюнча практикага чыгып жатканын дагы айткан. Окуя болгон түнү саат 1 жарымга чейин WhatsApp'та онлайн болуп турган. Бир нерсеге кайгырып, маанайы жок болчу", - деди досу.
Ошону менен бирге "маркум менен анын өлүмүнө шектелген жаран тууганы болгону үчүн аны актап чыгарышат" деген сөздөр айтылып жатканын тынчсыздануу менен билдирди.