Кыргыз жарандары Орусиянын "кара тизмесинен" чыгарылат

Орусиянын аймагында миграциялык эрежелерди сактабай "кара тизмеге" кирип калган Кыргыз жарандары эми аталган өлкөнүн аймагына кире алышат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге бүгүн, 18-октябрда Кыргыз өлкөсүнөн Орусиядагы элчилигинин маалымат катчысы Гулбарчын Байымбетова кабарлады.

Маалыматка караганда, мындай чечим Кыргыз-Орус президенттеринин эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнөн кийин кабыл алынган.

“Кара тизмеден” кимдер чыгарылат: бир нече жолу административдик жоопкерчиликке тартылган Кыргыз өлкөсүнүн жарандары, ошондой эле мурда Орусиянын аймагында турган учурда 30 сутка өткөнгө чейин аймактан чыгып кете албай калган Кыргыз Республикасынын жарандары чыгарылат. Мындан ары Оруссиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган Кыргыз Республикасынын жарандары 2018-жылдын ноябрь айынан тартып, алдын ала өздөрүн Орусиянын ИИМинин сайтынын маалыматтар базасынан текшертип алып, аталган өлкөгө кире берүүсүнө болот.

Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузуп, мыйзамсыз жашап, иштеп жатышкан Кыргыз Республикасынын жарандары 2018-жылдын 16-октябрынан 10-декабрына чейин эч кандай тоскоолдуксуз жана жазасыз Орусиянын аймагынан чыгууга жана каалаган мезгилде кайрадан кирип, өздөрүнүн миграциялык тарыхын таза бойдон баштоого укуктуу.

Бирок соттун Орусиядан чыгарылсын деген чечимин аткарбагандар, укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн жарандар жана орус жергесине барууга тыюу салынгандарга жогорудагы жеңилдиктер каралган эмес", - деди маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
patiydin
2018-10-18 23:18:24
Бул кыргыз жарандарына эн жакшы кабар.
+9
saat1200
2018-10-18 23:20:22
Ооба, эн сонун
+7
saat1200
2018-10-18 23:20:42
Жээнбеков во
+5
Bazana
2018-10-18 23:24:27
Орус жергесине тыйуу салынгандар дегенди кандай тушунсо болот?
+1
Morskayazvezda
2018-10-18 23:36:47
Bazana,депорт болгондор
+2
Bazana
2018-10-18 23:50:26
Morskayazvezda,рахмат .
+1
tursunbaev78
2018-10-18 23:37:16
Bazana,депорт окшойт
+1
ALATOOLUK.JIGIT
2018-10-18 23:31:44
Ушундай эле беренелер менен депорт болгондорго женилдик болор бекен жакын арада супер,билип бериниздерчи сураныч?
+6
Alia82
2018-10-18 23:47:36
Через суд выдворение болуп россиядан чыкпай жүргөндөрчү? Ушуну да билип бергилечи
+3
Bazana
2018-10-18 23:50:12
Alia82,алар мыйзамды бузуп журушпойбу болбосо керек.
+1
nur...nur.
2018-10-19 01:33:45
Ушунча кара тизмеденда чыгарып жатыптыр эми кичине тынчырак иштегиле аа тополон кыла бербей
+5
Jasa
2018-10-19 03:51:42
Кара тизмеден чыгарганы бир тыйын пайдасы жок,бул жакта тытып атат кыргыздарды квартирага коюлдубу помещениегеби деп,а байкуштар келип алып кайсы квартирага коюшат рег.ны ал жагы тунгуюк,ошол нерсени чечбейби
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан