Тажикстандын Ховалинг райондук соту өзүнүн кош бойлуу келинин муунтуп өлтүргөн Сафар Носировду 13 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Азаттыктын тажик кызматы жазды.
Маалыматка ылайык, соттук териштирүүдө Носиров 28 жаштагы келинин муунтканын моюнуна алган. Өлүмгө жеткирген жаңжал турмуштук майда нерседен эле келип чыккан. Тагыраагы соттолгон адамдын келини Шахноза Абдураззакова кынапталып жыйылып турган көңдү уратып алган.
Сафар Носиров сотто келини уратып алган көңдү кайра жыйып коюудан баш тартканын айткан.
"Мен үй-бүлөнүн кожоюнумун да, ал буга чейин да мен айткан нерселерди аткарбай, айтышып жүргөн", - деген ал.
Шахноза Абдураззакова каза болгондон кийин дарыгерлер анын 2 айлык кош бойлуу экенин айтышкан. Анын жалгыз кызын таенесине багууга беришкен. Маркумдун күйөөсү Умед Носиров атасы аялын өлтүргөн учурда үйдөн алыс, Бохтар шаарында болгонун, мындан улам кырсыкты токтотуп кала албаганын айткан. Ошондой эле ал буга чейин да жубайы менен атасынын ортосунда чыр болуп келгенин кошумчалаган.
Ал эми Сафар Носиров дыйканчылык менен алектенген, 1990-жылдары алдамчылык менен айыпталып 3 жылга камалып чыккан.