Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңеште улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана депутаттар катышып, сөз сүйлөйт. Андан тышкары Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу илимдин докторлору, академиктер баяндама жасайт.