"Окуучуларды 5-октябрдан 16-октябрга чейинки аралыкта алып келишти. Учурда балдардын абалы канааттандырарлык. Баары тең оорунун белгилерине жараша жана вируска каршы дарыланып жатышат. Алар булчуңдары, баштары, курсактары, тамактары ооруп, айрымдарынын мурду бүтүп, жөтөлүп, кускусу келип келишкен", - деп билдирген аталган департаменттин башчысы.
Ал белгилегендей, эгер өз учурунда туура дарылоо жүргүзүлсө, сероз менингити адамдын өмүрүнө эч кандай коркунуч жаратпайт. Адатта мындай бейтаптар 8-10 күндүн ичинде айыгып чыгып кетишет. Сероз менингитинде карантин киргизилбейт. Ооруп калган балдар - борбордогу ар кайсы мектептердин окуучулары.
Расмий маалыматтар боюнча жыл башынан бери Астанада 196 адамга вирустук менингит диагнозу коюлса, алардын 85ин мектеп окуучулары түзгөн.
Сероз менингити - баш мээнин жумшак кыртышында суюктуктун пайда болушу жана өтүшүп кетиши. Менингиттин бардык түрү милдеттүү түрдө ооруканада дарылануусу керек, мындай ооруга чалдыккандар бир жыл бою невропотологдун көзөмөлүндө болот.