Кечээ, 18-октябрда Жогорку Кеңеште Тергөө судьялары институтун ишке киргизүү үчүн соттордун санын көбөйтүүгө багытталган мыйзам долбоору 1-окууда жактырылды.
Мыйзамга ылайык, аталган институтту ишке киргизүү үчүн соттордун санын 56 штаттык бирдикке көбөйтүү сунушталды.
“Тергөө судьясы шектүүнүн, айыпталуучунун эркиндигин жана укугун чектөө боюнча чара көрүүчү, прокурордун, тергөө бөлүмүнүн жетекчилигинин, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органындагы ыйгарымдуу кызмат адамынын чечимин жана процесстик иш-аракеттердин мыйзамдуулугуна соттук көзөмөлдү жүзөгө ашырат. Тергөө судьялар институтун киргизүүчү ыйгарымдуу органдын бюджетине жалпы 185 миллион сом каражат салынган”, - деп жазылат мыйзам долбоорунда.