Ош облусунун Өзгөн районунда жардыруучу зат, ок атуучу куралдар жана ок дарылар табылды. Бул тууралуу 19-октябрда облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, район аймагында атайын жайдан 1 даана РГД-5 үлгүсүндөгү кол гранатасы, 2 даана тротил шашкасы, 17 даана Калашников автоматынын октору, 1 даана 16-калибриндеги огуна ылайыкташтырылып колдо жасалган ок атуучу курал, 1 даана ТОЗ-8 үлгүсүндөгү ок атуучу курал табылган.
"Жардыруучу зат жана ок атуучу курал-жарактар Өзгөн шаарынын 43 жаштагы С.Б. жана 39 жаштагы С.Р. аттуу бир туугандар тарабынан катылгандыгы аныкталган. Аталган жарандар 2010-жылы Ош окуясында экстремисттик жана сепаратисттик маанайдагы адамдардын алдыңкы катарында болушкан. Ошондой эле Сириядагы “Ислам мамлекети” террордук уюмунун активдүү мүчөсү Мухтаров Сиражиддин Зиявудинович (каймана аты “Абусалох”) менен тыгыз байланышы болгондугу жана Сирияда согуштук аракеттерге катышып, андагы топтун биринин лидери экендиги айкын болгон. Бул жарандардын жүргөн жерин тактап жоопкерчиликке тартуу боюнча эл аралык келишимдердин алкагында тийиштүү иш чаралар жүргүзүлүп жатат", - дешти облустук милициядан.
Жогорудагы алынган далил буюмдар боюнча Ош ОИИБинин тергөө кызматы тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат жана криминалисттик экспертизалар дайындалды.