Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалымат катчысы Анара Мамбеталиева кайра кызматка кайтты. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына маалымдап, мындан ары да инспекциядан коррупциялык иш-аракеттерди байкаса коомчулукка жарыялоодон коркпой турганын айтты.
"Бүгүн, 19-октябрда кайрадан жумушка кайттым. Кайра эле мурдагы кызмат ордума - инспекциянын маалымат катчысы кызматкери болуп иштейм. Азыр жумушума киришип жатам. Жамаатта менин келгениме кубангандар да, тескерисинче жактырбай жаткандар да болуп жатат. Баарын туура түшүнөм. Учурда менин жумушума кайтканыма кубанычта болгондор иш бөлмөмө кирип, куттуктап жатышат.
Мени болуп өткөн нерселер чочута алган жок. Эгерде мен иштеген мекеменин кызматкерлери тарабынан коррупциялык иш-аракеттер болуп жатканын байкасам, коомчулукка жарыялайм. Мурдагыдай эле принцип менен иштейм", - деди ал.
Буга чейин Анара Мамбеталиева коррупциялык иштерге каршы күрөшөм деп кызматынан кол жууганын айткан. Мамэкотехинспекция басма сөз катчынын кызматтан бошотулганын мыйзамда тыюу салынганына карабай мекеменин ичинде митинг өткөргөндүгү менен байланыштырып, берене менен иштен бошоткон. Кийинчерээк ал жумуштан мыйзамсыз алынганы тууралуу мекемелер аралык комиссиянын изилдөөсүнүн жыйынтыгында жарыяланган.