Канадада баңгизат мыйзамдаштырылгандан кийин сатып алууну каалагандар узун кезекке турушту

Канадада баңгизатын мыйзамдуу сатып алууну каалагандар узун кезекке турушту. Мындай маалыматты канадалык басылмалар сүрөттөрү менен жарыялашты.

Маалыматка ылайык, 17-октябрда Канадада жашы жеткендерге белгилүү өлчөмдөгү марихуананы сактоого, өстүрүүгө жана колдонууга уруксат берген мыйзам күчүнө кирген. Ошол эле күнү өлкө боюнча баңгизатын саткан 111 расмий дүкөн ачылды.

"Көпчүлүк шаарларда дүкөндөрдүн алдына бир нече километрге созулган узун кезекке туруулар орун алган. Марихуананы мыйзамдуу сатып алган эң алгачкы адам болуп Иан Пауэр аттуу жаран болгон. Ал баңгизатты 17-октябрга караган түнү саат 00:01де сатып алган. Кире бериште аны журналисттер жана дүкөндүн кызматкерлери тосуп алышкан", - деп жазылат маалыматта.

Көпчүлүк жарандар эми абакка отуруп калуу коркунучу жок баңгизатын сатып алуу мүмкүнчүлүгү пайда болгонуна сүйүнүп жаткандыгын жашырышкан эмес. Канада - баңгизатын мыйзамдаштырган дүйнөдөгү экинчи өлкө. Биринчи болуп 2013-жылы Уругвай өлкөсү мыйзамдаштырган.

Мыйзамга ылайык, 30 граммга чейинки өлчөмдөгү баңгизатын алууга жана 4 түп марихуана өстүрүүгө уруксат берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kechirmeni
2018-10-19 12:30:04
Кудай сакта, келечектин, кийинки урпактардын ден соолугу не болот? Элдин баары наркоман болуп бутот го, зыяны кобойо баштаса, мамлекет токтото албай кыйналат го,законду алып таштаган ченде да наркотикке байланган адамдар наркотик учун ар нерсеге барышат го.
+1
Juni1
2018-10-19 15:36:27
Бизде болуп калса )))) элестете албайм да)))))))). Аллах сактасын жамандыктан баарыбызды
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан