Казакстан Кыргыз өлкөсүнө карата эт азыктарына киргизген чектөөсүн алды

Казакстандын Айыл чарба министрлиги Кыргыз өлкөсүнөн чыгарылган эт азыктарына карата убактылуу киргизген чектөөсүн алды. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын маалымат катчысы Рахат Садырбекова SUPER.KG'ге маалымдады.

Маалыматка ылайык, Казак тарап Кыргыз өлкөсүндө эпизоотикалык абал туруксуз деген шек менен өлкөдө өндүрүлгөн 5 ишкананын азыктарына чектөө киргизген.

"Биздин өлкөдө мындай маалымат чыккан эмес, чындыгында жаныбарлар арасында оору жайылып жатат деген шектенүүгө негиз жок болчу. Буга карабай Казакстан 12-октябрда эт азыктарына убактылуу чектөө киргизген эле. Биз өлкөдө эпизоотикалык абал туруктуу экенин далилдеген документтерди жөнөткөндөн кийин кечээ, 18-октябрда алар чектөөнү алышты", - деди Садырбекова.

Ал белгилегендей, Казак тарап "Риха" ЖЧКсы, "Кант нан заводу", "Баркад" ЖЧКсы, "Салих" ЖЧКсы, "Адал-Азык" ЖЧКсына чектөө киргизген.

Айта кетсек, буга чейин Кыргыз өлкөсү "Алматы облусундагы канаттуулар фабрикасында куш тумоосу жайыла баштады" деген шек саноодон улам 8-октябрда Казакстандан тоок эттерин ташууга чектөө киргизген. Казак тарап аталган аймакта абал туруктуу экенин далилдегенден кийин Кыргыз тарап убактылуу киргизген чектөөнү алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан