Соттордун жана алардын жакындарынын декларациясын текшерүүгө алуу маселеси көтөрүлдү

Соттордун декларациясын текшерүүгө алуу керек. Мындай пикирин бүгүн, 19-октябрда Сот системиндеги коррупцияга каршы саясаттын жүргүзүлүшүн талкуулаган тегерек столдо “Укук мектеби” уюмунун жетекчиси Клара Сооронкулова айтты.

Сооронкулованын пикиринде, коррупция менен күрөшүү сөзсүз түрдө сот системинен башталышы керектигин жана соттордун декларациясын текшерүүгө алуу керек.

“Кандай болбосун коррупция менен күрөшүү сот системинен башталышы керек. Бүгүнкү күндө негизги маселелердин бири соттордун декларациясын текшерүүгө алуу. Соттордун өздөрүнүн гана декларациясын текшербестен жакындарынын декларациясын текшериш керек. Бүгүнкү күндө аларды текшерген органдар формалдуу түрдө эле текшерип жатышат. Биз соттордун ачык булактардагы декларациясын карап анализ жүргүздүк. Алар ачык эле кымбат унааларын, миңдеген доллар кирешелерин жазышкан. Аларды ал каражатты кайдан алганын сураган жок эч ким жок.

Алардын декларациясын анализдеп чыккан комиссия же орган болуш керек. Ага тиешеси бар бардык тараптардан өкүлдөрү кириши керек”, - деди Сооронкулова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан