Телефондорду каттоого багытталган токтом долбоору боюнча кандай иштер жүрүп жатат? Бул боюнча Байланыш комитети жооп берди

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитети телефондорду каттоодон өткөрүү тууралуу токтом долбоорун июль айында коомдук талкууга чыгарган. Анда ар бир телефонду каттоодон өткөрүү үчүн 100 сом өлчөмүндөгү каражат төлөө керек деп жазылган. Башында ар бир жаран телефонду каттоодон өткөрүү үчүн 100 сомдон төлөйт деген түшүнүк пайда болгон. Кийин аталган комитет акыны телефонду колдонгон жаран төлөбөй турганын билдиришкен. 100 сом өлкөгө кирип келе жаткан жаңы телефондорго төлөнөт деген маалымат беришкен. Бирок коомчулукта бул акы телефондун баасына таасирин тийгизе турганы айтылган.

Комитеттин басма сөз катчысы Зирек Асанова учурда бул токтом долбоору боюнча иштер жүрүп жатканын кабарлады. "Бул маселе боюнча мамлекеттик органдардын, ишкер чөйрөсүнүн, жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ иш алып барууда", - дейт Асанова.

Маалыматка ылайык, бул долбоор өлкөгө телефондорду аткезчилик жол менен ташуунун алдын алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан