Жогорку Соттун өкүлү сот залындагы жаздырып алынган видеолор канча күн сактала турганын айтты

Сот залындагы жаздырып алынган видеоматериалдар 40 күн гана сакталат. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда сот системиндеги коррупцияга каршы аракеттерди талкуулаган жыйында Жогорку Соттун өкүлү Нурдин Абдырасулов айтты.

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко ишеним телефондоруна элден канча адам кайрылуу түшкөнүн жана бүгүнкү күндө сот залдарынын канча пайызы жаздырып алуучу камера менен камсыз болгонун, ал камераларга түшүрүлгөн сот отурумдары канча убакытка, каякта сакталарын сурады.

Жогорку Соттун өкүлү Нурдин Абдырасулов элден түшкөн чалуулар боюнча так статистиканы айткан жок, бирок ар бир чалуу жазылып алына турганын билдирди.

“Сот залындагы сот процесстери жазылган видеоматериалдар 40 күн Жогорку Соттун архивинде сакталат. Андан соң жаңы материалдар жаздырылып, мурункулар толук бойдон тазаланып өчүрүлөт”, - деди Абдырасулов.

Никитенко бул жерде көп суроо жараларын кошумчалады.

“Жаздырып алынган материалдар 40 күн гана сакталып, толугу менен тазаланып калса, анда бул жерде көп суроолор пайда болот”, - деди Никитенко.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
patiydin
2018-10-19 13:25:56
Ушундай чон мекеме 10-20 сомдук ДВД дискке кочуруп сактай албай калдыбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан