Алай районуна караштуу Будалык айылында уксус ичип өз жанын кыйган 5 баланын энеси акыркы 2 айдан бери эч ким менен катташпай калган. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда SUPER.KG'ге облустук милициядан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, өз жанын кыйган аялдын мындай кадамга баруусуна эмне түрткү болгону учурда иликтенүүдө.
"Окуядан кийин маркумдун жолдошу жана кошуналары суракка алынган. Өз жанын кыюуга жолдошу менен пикир келишпестик себеп болушу мүмкүн деген версия да каралган. Бирок, каза болгон 44 жаштагы аялдын кошуналары ал акыркы 2 айдан бери эч ким менен катташпай, түнт болуп калганын белгилешкен. Маркумдун мүнөзүнүн өзгөрүшүнө, жанын кыюусуна жашоо шартынын начарлыгы, балдарын багуу оор болгондугу себеп болушу мүмкүн экендигин кошуналары айтууда", - деп билдиришти милициядан.
Эске салсак, 17-октябрда Алай районундагы Будалык айылынын 1974-жылы туулган К.Н. аттуу тургуну өз үйүндө уксус ичип алган. Ал ооруканага жеткирилген, бирок көп өтпөй каза болуп калган. Анын артында 5 баласы жана жолдошу калды.