Социалдык фонддун мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча жаңы мыйзам долбоорун ассоциациялар жана эксперттер "Социалдык фонд жаңы салыктарды киргизүүнү сунуштоодо" деп туура эмес түшүнүп алышты. Бул тууралуу 18-октябрда Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин отурумунда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
Анын айтымында, мындан ары ушул сыяктуу түшүнбөстүктөр орун албашы үчүн мамлекеттик органдар менен бизнес-коомчулуктун ортосунда байланышты жөнгө салуу зарыл.
Соцфонддун башчысынын биринчи орун басары Гүлнура Жуматаева демилгени туура эмес түшүнүүдөн улам коом тарабынан сындар айтылганын белгиледи.
"Эч кандай кошумча камсыздандыруу төлөмдөрү, тарифтерди көтөрүү болбойт. Буга байланыштуу мыйзам долбоору регулятивдүү таасир көрсөтүү анализинен өткөн эмес, анткени бизнеске кошумча милдетти талап кылбайт. Долбоор белгиленген тартипте бардык министрликтер, мекемелер менен макулдашылган. Эгер аны регулятивдүү таасир көрсөтүү анализинен өткөрүү зарыл болсо, Экономика министрлиги бул тууралуу биринчи болуп маалымдап чыкмак", - деди Жуматаева.