Кыргыз өлкөсүндөгү бардык аба майдандары Жер кодексинин мыйзамдарын одоно бузуу менен иштеп келишет. Мындай пикирин бүгүн, 19-октябрда Экологиялык жана техникалык инспекциянын Транспорт коопсуздугу жана көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси Гүлзада Ибраимова "Кыргыз учактары менен учуу кооптуубу? Коопсуздук жана авиабилеттердин баалары" аттуу тегерек столдо билдирди.
Анын айтымында, ар бир аба майданынын талаптарды одоно бузгандыгы боюнча өзүнчө материалдар бар.
"Биздин мекеменин атайын комиссиясы аэропорттордун абалы боюнча текшерүүлөрдү өткөргөн. Жыйынтыгында бардыгы Жер кодексинин нормаларын сактабай иштеп жүргөнү аныкталган. Ошону менен бирге санитардык эрежелер да эске алынбайт. Мунун баарын жөнгө салуу боюнча иштер жасалылыш керек", - деди Ибраимова.
Өлкө аймагында 11 аэропорт болсо, анын бешөө эл аралык, ал эми алтоо ички каттам багытындагы аба майдандары.