Чычкан капчыгайындагы тыгында турган унаалар тарады. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.
"Учурда Чычкан капчыгайында тыгын тараган. Токтоп турган жүк ташуучу унаалардын баары сапарларын улап кетишти. Кыймыл күндөгүдөй эле уланып жатат.
Улам өзгөрүп жаткан аба ырайына байланыштуу айдоочуларга алыс жолго чыгардан мурун унаасынын жайкы дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууну сунуштайбыз", - деди бөлүмдүн басма сөз катчысы.
17-октябрда Чычкан капчыгайында тыгын жаралып 200дөй оор жүк ташуучу унаа токтоп турганын, Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү айдоочуларга нан жана ысык чай таратылып жатканын кабарлаган.