Жарандар арзан баада учак билеттерин бир ай мурун алышы керек. Мындай сунушун бүгүн, 19-октябрда жергиликтүү авиакомпанияларынын биринин башкы директорунун орун басары Данияр Арынов "Кыргыз учактары менен учуу кооптуубу? Коопсуздук жана авиабилеттердин баалары" аттуу тегерек столдо айтты.
Анын айтымында, Бишкек-Ош каттамындагы учак билеттеринин баасы 4000 сомдон ашпоосу зарыл. "Учурда бул каттамдагы билеттердин эң төмөнкү баалары 1700-1800 сомдон. Мындай билеттерди жарандар бир ай мурун сатып алуусу керек. Мындай баалар Монополияга каршы күрөшүү агенттиги тарабынан коюлган", - деди ал.
Аталган тегерек столдо учурда Кыргыз өлкөсүндөгү ички аба каттамдарды "Air Manas", "TezJet" жана "Avia Traffic" авиакомпаниялары тейлеп жатканы маалымдалды.