Кыргыз өлкөсүндө авиа кырсыктар учактардын эскилигинен келип чыгууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Транспорт прокуратурасынын өкүлү Рустам Кожобеков "Кыргыз учактары менен учуу кооптуубу? Коопсуздук жана авиабилеттердин баалары" аттуу тегерек столдо билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө авиакомпанияларда колдонулуп жаткан учактардын 90 пайызынын эскилиги жеткен.
"Жергиликтүү авиакомпаниялардын учактарынын дээрлик көпчүлүгү 25 жылдан бери пайдаланылып келет. Мындан улам учактардын тез-тез бузулушу катталууда. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 12 учак жарандарды ташып иштейт. Жакында эле бардык компанияларга авиапарктарын жаңылоо боюнча сунуштар айтылды. Өткөн жылы техникалык себептерден улам 12 авиакырсык катталган. Быйылкы жылдын 10 айынынын ичинде 11 кырсык катталды", - деди Кожобеков.