Кара-Суу районунда 2 аптадан бери дайынсыз болуп жаткан 16 жаштагы кыз изделүүдө

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда 2 аптадан бери дайынсыз болуп жаткан 16 жаштагы кыз изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу районуна караштуу Кыргыз-Чек айылынын Айдай Кушбак кызы аттуу тургуну 5-октябрь күнү жумушка кеткен бойдон үйүнө кайтып келген эмес. Ал Ош шаарындагы сулуулук салондордун биринде иштечү.

"Дайынсыз жоголгон кыз 9-классты аяктаары менен иштей баштаган. 5-октябрь күнү ал жумушка кеткен, жумушунан чыккандан кийин аны эч ким көргөн эмес. Бул тууралуу кыздын жакындары милицияга билдирип, арыз жазышкан", - деп айтылат маалыматта.

Айдай Кушбак кызы тууралуу маалыматты билгендер 0 (559) 55-16-39 же "102" номери аркылуу байланышса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Haanykeeim
2018-10-19 21:58:39
Аман эле болсун!кыз табылып.
+1
AzKumFerDan
2018-10-20 13:58:10
Жигити мн качып кеткенго
0
nuru95kg
2018-10-21 02:57:29
Милициялар жоголуптурда корунуп калса откоруп койобуз деп журобербей кату киришип иштегиле Бурулайдын окуясындай шалакы болуп калбагыла. Кудай сактасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан