Бишкекте аталаш тууганынын 17 жаштагы кызын "зордуктоого аракет кылып, кийин тумчуктуруп өлтүргөн" деп шектелген шаар тургуну 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда SUPER.KG'ге шаардык милициядан билдиришти.
Белгилүү болгондой, кылмышка шектүү катары кармалган 19 жаштагы Т.у.Д. аттуу шаар тургунунун баш коргоо чарасы Биринчи Май райондук соту тарабынан 17-октябрда каралып, 2 айга камакка алуу чечими чыкты. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары улантылууда.
Эске салсак, 15-октябрь күнү саат 7:30 чамасында милицияга борбордогу жаңы конуштардын бириндеги үйдөн кыздын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган дарекке барган милиция кызматкерлери каза болгон кыз 2001-жылы туулган Э.Б. экенин аныкташкан. Медициналык кароодон анын денесинен көк ала тактар табылып, ал киши колдуу болгону белгилүү болгон.