Жалал-Абад облусунда 16-17-октябрь күндөрү кар жаагандан кийин үзүлгөн бардык электр чубалгылары оңдолду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Жалал-Абад электр" ААКсынын басма сөз катчысы Жыпариза Уметалиева билдирди.
Буга чейин окурмандар Аксы жана Базар-Коргон райондорунда кар жаагандан кийин электр жарыгы өчүрүлгөнүн "ЭЛДИК КАБАРга" билдиришкен эле. Жогоруда аталган ишкана электр чубалгылары үзүлгөнүн, кырдаалды жөнгө салуу үчүн оңдоо иштери жүрүп жатканын маалымдаган.
"16-17-октябрь күндөрү суу аралаш кар жаагандыктан Аксы, Базар-Коргон райондорунун тоолуу айылдарында жана Көк-Арт өрөөнүнүн айрым айылдарында электр жарыгын берүү үзгүлтүккө учурады. Бак-дарактардын жалбырагы карды көтөрө албай, теректер кулаганда, бутактары ийилип электр зымдары үзүлгөн. Мындан улам аталган айылдын тургундары электр жарыгысыз калышкан. Жалпы 36 бригада -156 кызматкер электр чубалгылары үзүлгөн жерлерде иш алып барып, калыбына келтиришти. Учурда облустун бардык аймагында электр жарыгы бар", - деп билдирди Жыпариза Уметалиева.