SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Убакыт артка кайтса, өзүңөргө кайсы кеңешти берет болчусуңар?" деген тема талкууга алынган.
Автор: "Саламатсыздарбы? Эгерде убакыт артка кайтканда, өзүңөргө кайсы кеңешти берет элеңер?" деген суроосун калтырган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
- "Мен 5-класстан баштап өзгөрткүм келет, окуудан, дал ошол мектептен... Дал ошол жашымдан башкача жол тандамакмын..."
- "2013-жыл, 16-майга башка план коймокмун..."
- "Көзүңдү ач келесоо, баары сен ойлогондой болбойт, муну турмуш деп коёт, шашылбай чечим чыгар!" деген кеңешти бермекмин".
- "Убакыт артка кайтканда апамдын бир суроосуна 2013-жылы 4-августта, сентябрь айында башкача жооп бермекмин. Өкүнүч көп".
- "2013-жыл, 31-декабрь "бүгүн сага жолугуучу адам - жашооңдун эң эле терс каарманы!" десем керек эле..."
- "2017-жылдын 1-январында телефонду өчүрүп, эч жакка чыкпай, эч кимге жардам бербейт болчумун".
- "Сүйбө, ишенбе демекмин".
- "Убакыт артка кетсе, интернетке кирбей коймокмун".
- "Окуумду толук окумакмын. Анан турмушка чыгууга шашылмак эмесмин".
- "Эч кимге берилип ишенбе, жадакалса коюнунда жаткан күйөөңө дагы деп кеңеш бермекмин".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.