Бүгүн, 22-октябрда Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, электр жарыгы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
Электр жарыгын берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:
Саат 09:00дөн 17:00гө чейин - Гоголь көчөсүндөгү №12-үй, Көк-Жар жаңы конушундагы Калмурзаев, Арстанбап жана Керемет көчөлөрү;
Саат 09:00дөн 18:00гө чейин - Дордой-2, Эне-Сай, Келечек жаңы конушунда жана айланма жолдун түштүк тарабы Алматы көчөсүнөн Элебесов көчөсүнө чейин;
Саат 09:30дан 18:00гө чейин -Ак-Бата конушунун 9, 10, 11,12, 13, 14-көчөлөрүндө, Панфилов, Медеров, Түлөбердиев, Саадаев, Можайский, Үч-Коргон, Кулиев, Тахвинский тар көчөсүндө;
Саат 09:30дан 14:00гө чейин - Камчатка, Астрахань, Краснодар, Стадионная көчөлөрүндө;
Саат 09:30дан 12:00гө чейин - Кара-Жыгач конушунда;
Саат 12:00дөн 15:00гө чейин - Көк-Жар конушундагы Коңорчок, Көк-Жар жана Шоокум көчөлөрүндө;
Саат 14:00дөн 17:00гө чейин - Арча-Бешик конушундагы Арча 1, Баба-Ата, Узун-Булак көчөлөрүндө;