Бүгүн, 22-октябрда парламенттин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча мыйзам долбоору каралат. Анда Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев аталган долбоор боюнча баяндама жасайт.
Буга чейин бул мыйзам долбоору ишкерлерди дүрбөлөңгө салган. 18-октябрда Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин отурумунда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Социалдык фонддун демилгесин эксперттер "жаңы салыктар киргизилгени жатат" деп туура эмес түшүнүп алышканын айткан.
Соцфонддун башчысынын биринчи орун басары Гүлнура Жуматаева демилгени туура эмес түшүнүүдөн улам коом тарабынан сындар айтылганын белгилеген. "Эч кандай кошумча камсыздандыруу төлөмдөрү, тарифтерди көтөрүү болбойт. Буга байланыштуу мыйзам долбоору регулятивдүү таасир көрсөтүү анализинен өткөн эмес, анткени бизнеске кошумча милдетти талап кылбайт. Долбоор белгиленген тартипте бардык министрликтер, мекемелер менен макулдашылган. Эгер аны регулятивдүү таасир көрсөтүү анализинен өткөрүү зарыл болсо, Экономика министрлиги бул тууралуу биринчи болуп маалымдап чыкмак", - деген Жуматаева.